> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аксыда 48 млн сомго бала бакча курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/23/aksyda-48-mln-somgho-bala-bakcha-kurulup-zhatat/
- Published: 2025-12-23T04:05:40.000Z
- Updated: 2025-12-23T04:05:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай–коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери быйылкы жылдын март айында башталган. Учурда имараттын ички монтаждоосу жүргүзүлүп, сырткы оюн аянтчалары жасалууда.

> Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 48 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*