> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 76 миңден ашык жаранга “кызыл китеп” тапшырылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/23/byiyl-76-mindien-ashyk-zharangha-kyzyl-kitiep-dokumienti-tapshyryldy/
- Published: 2025-12-23T12:48:10.000Z
- Updated: 2025-12-23T12:48:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Быйыл өлкө боюнча 76 688 жаранга менчик укугун күбөлөндүргөн “кызыл китеп” документи тапшырылды. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.**

> Токтосуновдун айтымында, райондук администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн атайын комиссиялар жарандардын жер тилкелерине укуктарын мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзүштү. Жалпы 245 543 арыз каралып, жыйынтыгында 12 574 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүлүп, 114 685 чечим чыгарылган.

Бул иштердин негизинде 76 688 жаран өздөрүнүн менчик укугун расмий тастыктаган “кызыл китепке” ээ болду. Арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын июнь айына чейин жүргүзүлгөн.