> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл КТБ 3,6 млн кызмат көрсөттү, анын 527 миңи онлайн
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/23/byiyl-ktb-3-6-mln-kyzmat-korsottu-anyn-527-mini-onlain/
- Published: 2025-12-23T10:05:23.000Z
- Updated: 2025-12-23T10:05:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жыл башынан бери Кыргызстан боюнча Калкты тейлөө борборлоруна жалпы 3,6 млн кайрылуу катталып, анын ичинен 527 миң кызмат онлайн форматта жеткирилди. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.**

> Эң көп суроо-талапка ээ санарип кызматтар — даректи каттоо жана ар кандай маалымкаттарды алуу. Бирок ID-картаны онлайн алмаштыруу боюнча активдүүлүк төмөн бойдон калууда: 3 миң арыздан болгону 1 миң документ берилген.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылга артыкчылыктуу багыттар катары онлайн кызматтарды кеңейтүү, кезектерди кыскартуу, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү аныкталды.

> Азыркы тапта Кыргызстанда 52 калкты тейлөө борбору, 2 Бакыт өргөсү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында чет өлкөлүк жарандарды тейлөө боюнча 2 бөлүм иштеп жатат.