> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдөгү цемент заводу качан ишке киргизилери белгилүү болду
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/24/chuidoghu-tsiemient-zavodu-kachan-ishkie-kirghizilieri-bielghiluu-boldu/
- Published: 2025-12-24T12:03:11.000Z
- Updated: 2025-12-24T12:03:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 3200 тонна клинкерди түзөрүн маалымдады.

Ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган. Ишкана 43 гектар аянтта жайгашат.

> Заводдун курулуш этабында 300дөн ашык, ишке киргизилгенден кийин – 500дөн ашуун жумушчу орундары түзүлөт.

Президент Садыр Жапаров ишкананын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгыны белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/1-92.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-61.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/4-34.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/5-14.jpeg)