> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу берүү убактылуу токтотулат
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/26/29-diekabrda-altyn-ordo-konushunda-suu-bieruu-ubaktyluu-toktotulat/
- Published: 2025-12-26T12:38:15.000Z
- Updated: 2025-12-26T12:38:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**29-декабрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин "Алтын-Ордо" конушундагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.**

> Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө тээктерди жана диаметри 100 мм болгон өрт гидрантын орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. Иштер 2-көчө (18-көчө жана 7-көчө менен кесилишкен жер), 8-көчө, 2-көчө жана 1-көчөдө жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.