> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Вьетнамдан 16,4 млн сом өлчөмүндөгү алдамчылыкка айыпталган жаран экстрадицияланды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/26/vietnamdan-16-4-mln-som-olchomundoghu-aldamchylykka-aiyptalghan-zharan-ekstraditsiialandy/
- Published: 2025-12-26T11:19:13.000Z
- Updated: 2025-12-26T11:19:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**КРнын Башкы прокуратурасынын Вьетнамдын компетенттүү органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, жабырлануучуларга алдамчылык жолу менен 16,4 млн сом өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген Т.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарына жеткирилип, ага карата кылмыш куугунтуктоону улантуу максатында тергөө абагына камакка алынды.**

> Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадициялоо КР ИИМ жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Башкы прокуратура эл аралык келишимдерди аткаруунун алкагында тергөөдөн жана соттон жашынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо иштерин ырааттуу улантууда. 

Бул иштер жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принципин камсыз кылууга багытталган.