> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги Риштан кенинин запастары тууралуу расмий маалымат
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/29/batkiendieghi-rishtan-kieninin-zapastary-tuuraluu-rasmii-maalymat/
- Published: 2025-12-29T06:18:21.000Z
- Updated: 2025-12-29T06:18:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы Баткен облусундагы Түндүк жана Түштүк Риштан газ-мунай кен жайларындагы запастар тууралуу расмий маалымат берди.**

Министрликтин маалыматына ылайык, Түндүк Риштан кен жайы Кадамжай районунун Кадамжай шаарынан 60 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Кен жай 1954-жылдан тартып иштетилип, эксплуатация мезгилинде 46 скважина бургуланган. 2025-жылдын 1-январына карата пайдалуу запастар:

- Мунай: геологиялык — 654,42 миң тонна, алынуучу — 20,38 миң тонна
- Мунайда эриген газ: геологиялык — 68,62 млн м³, алынуучу — 56,61 млн м³
- Эркин газ: геологиялык — 44,17 млн м³, алынуучу — 36,44 млн м³

> Түштүк Риштан кен жайы Фуркат станциясынан 60 км түштүк-чыгышта жайгашып, 1989-жылы ачылган. Эркин газдын запасы 2025-жылдын 1-январына карата геологиялык — 1 916,02 млн м³, алынуучу — 356,86 млн м³ деп бааланган.

Кыргыз геологиялык кызматы белгилегендей, пайдалуу кендердин запастары тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерине жана бекитилген геологиялык материалдарга гана негизделет.