> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн жаңы жабдыктар алынды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/29/iri-muiuzduu-maldardy-zhasalma-uruktandyruu-uchun-zhany-zhabdyktar-alyndy/
- Published: 2025-12-29T08:21:00.000Z
- Updated: 2025-12-29T08:20:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн заманбап жабдык-шаймандар менен камсыз болду.**

Жабдык-шаймандарды министрликтин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жеринде текшерип, долбоордун жүрүшү жана жабдыктардын сапаты менен таанышты. Аларды Дүйнөлүк банк каржылаган "Туруктуу агро-азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору аркылуу, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу сатып алышкан.

> Комплекттерде тоңдурулган урукту узак мөөнөткө сактоочу Дьюар идиштери жана башка атайын жабдуулар камтылган. Бул чаралар асыл тукумду өнүктүрүүгө, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/WhatsApp-Image-2025-12-29-at-13.19.36-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/WhatsApp-Image-2025-12-29-at-13.19.36.jpeg)