> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы шаардык прокуратурасынын жаңы имараты ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/30/balykchy-shaardyk-prokuraturasynyn-zhany-imaraty-achyldy/
- Published: 2025-12-30T05:38:20.000Z
- Updated: 2025-12-30T05:38:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы прокуратуранын административдик имаратын расмий түрдө ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы прокурор жаңы имарат прокуратура органдарынын ишин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жарандар менен иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

> Ошондой эле прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылары, бул чаралар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болору айтылды.