> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Жаңы жыл түнү майрамдык салют атылабы?
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/30/bishkiektie-zhany-zhyl-tunu-mairamdyk-saliut-atylaby/
- Published: 2025-12-30T09:01:53.000Z
- Updated: 2025-12-30T09:01:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Быйыл борбор калаада Жаңы жылга карата салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.**

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында кечки саат 18:00дөн тарта шаар тургундары жана коноктору үчүн ата мекендик артисттердин катышуусунда концерттик программа уюштурулат. Майрамдык иш-чара экологиялык талаптарды эске алуу менен фейерверксиз өтөт.

> Белгилей кетсек, буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырган.