> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2026–2028-жылдары ЖРТ өткөрүүгө ыйгарым укуктуу уюм аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/04/2026-2028-zhyldary-zhrt-otkoruugho-yigharym-ukuktuu-uium-anyktaldy/
- Published: 2026-01-04T04:30:40.000Z
- Updated: 2026-01-04T04:30:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) 2026–2028-жылдары өткөрүү үчүн Көзкарандысыз тестирлөө кызматын тандоо боюнча сынакты жыйынтыктады.**

Бул тууралуу Илим министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, конкурстук материалдарды кароо жыйынтыгынын негизинде Көзкарандысыз тестирлөө кызматы катары **Билим берүүдөгү баалоо жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору** аныкталды.

💡

Жалпы республикалык тест (ЖРТ) - бул Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен. ЖРТ жыйынтыктары менен бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыра алат.