> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Берлинде он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/04/bierlindie-on-mindieghien-uilor-eliektr-zharyghysyz-kaldy/
- Published: 2026-01-04T08:00:26.000Z
- Updated: 2026-01-04T08:00:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Берлинин түштүк-батышындагы 45 000ге жакын үй жана 2000ден ашык ишкана жогорку чыңалуудагы кабелдердеги өрттөн улам электр жарыгысыз калды. The Guardian билдиргендей, бийлик атайын өрт коюу болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.**

Электр жарыгынын өчүрүлүшү 2026-жылдын 3-январында эртең менен, электр станциясынын жанындагы көпүрөдө бир нече жогорку чыңалуудагы кабелдер өрттөнүп кеткенден улам болгон. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү тез арада өчүрүшкөн, бирок келтирилген зыян чоң болгон.

> Электр тармагынын оператору Stromnetz Berlin компаниясынын маалыматы боюнча, болжол менен **45 500 үй жана 2200 ишкана электр жарыгысыз калган.** Бийликтин маалыматы боюнча, болжол менен **35 000 үй-бүлө 8-январда түшкө чейин** электр жарыгы менен камсыз болушат. The Guardian маалыматы боюнча, **калгандарынын электр жарыгы бүгүн, 4-январда** калыбына келтирилиши күтүлүүдө.

Электр жарыгынын өчүрүлүшү электр тармагына таянган райондук жылытуу системасына да таасирин тийгизди. Кар жаап, температура нөлгө жакын болгондуктан, айрым тургундар жылуулуксуз калышы мүмкүн. **Полиция** Лихтерфельде районуна болжол менен 160 кызматкерди жөнөтүп, **өрт коюу боюнча тергөө иштерин баштады.**

Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айынын аягында Германиянын Гельзенкирхен шаарында Sparkasse банкынын сейфи тонолуп, аманатчылардын жеке сейф кутуларынан ири өлчөмдөгү накталай акча жана баалуу буюмдар уурдалган.