> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/05/olko-aimaghynda-sutka-ichindie-76-mas-aidoochu-anyktaldy/
- Published: 2026-01-05T08:00:18.000Z
- Updated: 2026-01-05T08:00:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстан аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлүп жаткан “Рулда” аталышындагы рейдде 1 сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.**

Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгү жок 89 адам унаа башкарганы белгиленип, жалпы 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

> Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Рейддин максаты — жол кырсыктарынын санын азайтуу жана айдоочулар арасында жоопкерчиликти күчөтүү.