> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/05/osh-shaarynda-480-orunduu-miektiep-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-01-05T06:22:53.000Z
- Updated: 2026-01-05T06:22:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 100 орундуу бала бакча жана 480 орундуу мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.** 

> Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемелери жергиликтүү балдардын билим алуусуна жана социалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында курулууда.

Кең-Сай конушу акыркы жылдары активдүү өсүп, жеке турак жайлар көбөйдү, жаш үй-бүлөлөр жана мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын саны өстү. Ошол себептүү бала бакча жана мектеп сыяктуу социалдык инфраструктураны камсыздоо жергиликтүү тургундар үчүн өзгөчө актуалдуу маселе болуп келди.