> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/05/ysyk-koldo-brakonierlikkie-karshy-rieid-uchurunda-1-100-mietr-tor-alyndy/
- Published: 2026-01-05T05:02:40.000Z
- Updated: 2026-01-05T05:02:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү.**

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 1 100 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор чыгарылды. 

> Аталган иш-чаралар биологиялык ресурстарды коргоо, браконьерликке бөгөт коюу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Министрликтен билдиришкендей, браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4.jpg)