> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2026-жылы агроөнөржайда 75 жаңы ишкана ачуу пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/06/2026-zhyly-aghroonorzhaida-75-zhany-ishkana-achuu-plandaluuda/
- Published: 2026-01-06T04:49:52.000Z
- Updated: 2026-01-06T04:49:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандыг агроөнөржай комплексин өнүктүрүү алкагында республика боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытында 63 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.**

Алардын ичинде соода-логистикалык борборлор, дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктары, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү, ошондой эле органикалык өндүрүш объекттери бар.

Аталган долбоорлордун алкагында 2 707 жаңы жумуш орду түзүлүп, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түздү.

> Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн жалпы өнөр жай көлөмүндө тамак-аш өндүрүшү ишканаларынын үлүшү 17,4% түздү. Бул мезгилде агроөнөржай комплексинин ишканалары тарабынан 94,2 млрд сомдук тамак-аш азыктары өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 127,8% болду.

2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын алкагында республикада 385 кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү пландалууда. Бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25%га жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Жалпы инвестициянын көлөмү 20,96 млрд сом деп бааланууда.

> Ал эми 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү мерчемделип, инвестиция көлөмү 9,1 млрд сомду түзөт.