> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 24 жаштагы жигит 551 миң сом алдоого шектелип кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/06/bishkiektie-24-zhashtaghy-zhighit-551-min-som-aldoogho-shiektielip-karmaldy/
- Published: 2026-01-06T09:27:09.000Z
- Updated: 2026-01-06T09:27:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ленин РИИБдин маалыматына караганда, борбордо 24 жаштагы жигит мессенжер аркылуу 551 миң сом алдоого шектелип кармалды.**

Маалыматка ылайык, 2-январда милицияга кайрылган адам ага мессенжер аркылуу чалган бейтааныш киши ишенимине кирип, кант жөнөтөм деген убада менен акчасын котортуп алганын айткан. Ал 551 миң сомду алгандан кийин байланышты токтотуп, телефонун өчүрүп, жок болуп кеткен.

Милиция “Алдамчылык” боюнча иш козгоп, 24 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

> Алдамчылыкка кабылгандар 0 779 043 407 жана 102 номерлерине байланышса болот.