> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Н.Орунтаев Бишкектеги сертификаттоо борборунун курулушу менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/06/n-oruntaiev-bishkiektieghi-siertifikattoo-borborunun-kurulushu-mienien-taanyshty/
- Published: 2026-01-06T08:06:29.000Z
- Updated: 2026-01-06T08:06:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн, 6-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы Ж.Бөкөнбаев көчөсү, 88 дарегинде курулуп жаткан Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.**

Министр курулуш иштеринин сапатына, колдонулуп жаткан материалдардын талаптарга жооп берүүсүнө жана иштердин белгиленген графикке ылайык аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берди.

> Маалыматка ылайык, учурда имараттын үчүнчү кабатын заводдон даярдалган темир-бетон блок-модулдар аркылуу тургузуу иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу имарат курулуп, анда жумушчу бөлмөлөр, конференц-зал жана квалификацияны жогорулатуу үчүн окуу класстары жайгашат.

Белгилей кетсек, учурда борбордун кызматкерлери Москва көчөсү, 190 дарегиндеги имаратта ижарада иштеп келишет. Жаңы имараттын курулушу 2025-жылдын 28-ноябрында башталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-1.jpg)