> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто муниципалдык айып короо курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/06/oshto-munitsipaldyk-aiyp-koroo-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-01-06T07:52:31.000Z
- Updated: 2026-01-06T07:52:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагында муниципалдык айып короо (унаа токтотуучу жай) даярдалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.** 

Учурда унаа токтотуучу жайдын аймагында курулуш жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, тирөөч дубалдар курулуп, "Ошсвет" муниципалдык ишканасы тарабынан заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда. Мындан тышкары, аймак грейдер техникасынын жардамы менен тегизделип, айланасы тосмолонууда.

> Белгилей кетсек, аталган айып короо 50–60 унаага ылайыкталып, шаар ичиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа токтотуу эрежелерин бузуу учурларын азайтуу максатында уюштурулууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3.jpg)