> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ батир уурулугун алдын алууну эскертет
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/08/iim-batir-uurulughun-aldyn-aluunu-eskiertiet/
- Published: 2026-01-08T04:40:40.000Z
- Updated: 2026-01-08T04:40:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаңы жылдык эс алуу мезгилинде көптөгөн жарандар шаардан же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, батир уурулук кылмыштарынын коркунучу жогорулайт. Кылмышкерлер көбүнчө турак жай ээлеринин узак убакытка жоктугунан пайдаланышат.**

**ИИМдин басма сөз** кызматынын маалыматына караганда, батир уурулугун алдын алуу максатында жарандар төмөнкү коопсуздук чараларын **эстен чыгарбоо керек:**

*\- Эс алууга кетээрден мурун кире бериш эшиктердин жана терезелердин бекем жабылганын текшерүү, мүмкүн болсо *кошумча кулпуларды* орнотуу;*

*\- Ачкычтарды почта кутусунда, килемченин алдында же башка оңой *жеткиликтүү жерлерде калтырбоо;**

*\- Мүмкүнчүлүк болсо, күзөт сигнализациясын жана видеобайкоо *системаларын орнотуу;**

*\- Коңшулардан же туугандардан батирди мезгил-мезгили менен *көзөмөлдөп турууну өтүнүү;**

*\- Социалдык тармактарда кетип жатканыңыз жана эс алып жаткан жериңиз тууралуу *маалыматты жарыялабоо.**

Мындан тышкары, турак жайды борборлоштурулган **күзөт кызматына кошуу** коңгуроо сигналдарына ыкчам жооп берүүнү камсыз кылып, мүлктү коргоо деңгээлин кыйла жогорулатат.