> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Н. Орунтаев Токмоктогу архитектура башкармалыгынын курулушу менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/08/n-oruntaiev-tokmoktoghu-arkhitiektura-bashkarmalyghynyn-kurulushu-mienien-taanyshty/
- Published: 2026-01-08T05:50:27.000Z
- Updated: 2026-01-08T05:50:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Токмок шаарында шаар куруу жана архитектура башкармалыгы үчүн салынып жаткан жаңы административдик имараттын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.**

Министр курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыгып, объектти белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

> Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттан туруп, кызматкерлер жана жарандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Буга чейин Токмок шаардык архитектура башкармалыгынын өзүнчө имараты болгон эмес.

Жаңы административдик имаратты 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда объекттин каркасы толук тургузулуп, курулуш иштери уланууда.

Курулушту “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Имарат мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулуп жатат. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-2.jpg)