> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/08/narynda-zhol-kyimylynyn-koopsuzdughu-boiuncha-rieid-otkoruldu/
- Published: 2026-01-08T10:35:58.000Z
- Updated: 2026-01-08T10:35:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев Нарын облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрүнүн ишин таң эртеден тарта текшерди.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, ал кызматтык унааларды жолго чыгаруу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

> Ошондой эле айдоочуларды жолдо бири-бирин сыйлоого жана маданияттуулукка чакыруу, жол тайгак болгон учурларда эскертүү маалыматтарын берүү, мындан тышкары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда чет өлкөлүк айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында башкармалыктын Нарын облусу боюнча башчысы Нурбек Салымбаевге аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюп, багыттуу иш алып баруу тапшырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1.png)