> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Францияда «Горетти» аттуу циклондон улам 380 000 үй жарыксыз калды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/09/frantsiiada-gorietti-attuu-tsiklondon-ulam-380-000-ui-zharyksyz-kaldy/
- Published: 2026-01-09T10:46:21.000Z
- Updated: 2026-01-09T10:48:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Францияда күчтүү «Горетти» аттуу циклонундун кесепетинен 380 000 үй электр жарыгысыз калды. Негизинен өлкөнүн түндүк-батышындагы Нормандия аймагы жабыркагандыгын BFMTV телеканалы кабарлады.**

Маалыматка ылайык, Франциянын түндүк-батышындагы Бретань аймагында 21 000 үй, Пикардияда — 18 500 үй, ал эми Иль-де-Франс аймагында 13 500 үй жарыксыз калган.

Буга чейин 2026-жылы Жер шарында магниттик бороон-чапкындар көп болору маалымдалып келген. Анын бири Камчаткадагы катуу кар бороонунун айынан болжол менен 5 500 адам мындан 10 чакты күн мурда электр жарыгысыз калганы маалым болгон.