> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Импорт-экспорт жүктөрүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/09/import-eksport-zhuktoruno-fitosanitardyk-kozomol-kuchotulot/
- Published: 2026-01-09T09:02:28.000Z
- Updated: 2026-01-09T09:02:28.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору М.А. Кочеров кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кант" көзөмөл пункттарынын ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.**

Маалыматка ылайык, каникул күндөрүнө карабастан жүргүзүлгөн текшерүүдө импорт-экспорт жүктөрүнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо жана ЕАЭБдин талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

> Текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына карантинге алынган продукцияны ташууда фитосанитардык талаптарды так сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары, мыйзам бузуулар аныкталган учурда айыл чарба продукциясын кайтарып берүү, жок кылуу же зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.

> Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, коопсуздукка коркунуч жараткан жүктөрдү киргизбөө тапшырмасы коюлду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-1.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3.png)