> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто заманбап күнөскананын курулуш иштери аяктоо алдында
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/09/oshto-zamanbap-kunoskananyn-kurulush-ishtieri-aiaktoo-aldynda/
- Published: 2026-01-09T10:06:41.000Z
- Updated: 2026-01-09T10:06:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына караштуу жаңы күнөскананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.** 

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде күнөскананын курулушуна керектелген материалдар Түштүк Кореядан алынып келинген.

> Жаңы күнөскана заманбап талаптарга жооп берип, акыркы технологиялар менен жабдылууда. Анда гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылып, иш процессин бир топ жеңилдетүүгө шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, күнөсканада иштеген кызматкерлер үчүн жатакана, ашкана жана башка керектүү шарттар да каралган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/5.jpg)