> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республикалык кан борбору калктын колдоосуна муктаж
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/09/riespublikalyk-kan-borboru-kalktyn-koldoosuna-muktazh/
- Published: 2026-01-09T09:05:58.000Z
- Updated: 2026-01-09T09:05:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Республикалык кан борборунан донордук кандын жетишсиздиги, айрыкча майрам күндөрү көп байкалып жатканын кабарлашууда.**

> *Билдирүүгө караганда, адатта бул мезгилде жаракат алуулардын, жол кырсыктарынын жана башка окуялардын саны көбөйөт. Анын бир мисалы, жакында эле карылар үйүндөгү өрттүн чыгышы. Кан компоненттерине болгон *муктаждык жогору* болгондуктан жана *донорлордун саны азайгандыктан*, кан *запастары өтө төмөн* көрсөткүчкө жетти. Ал эми *жардамга муктаж* жана жарандардын боорукерлигине *үмүттөнгөндөрдүн саны көбөйдү.**

Буга байланыштуу, кайдыгер эмес жарандарды кан борборго келип, **кан тапшырууга чакырышууда.**

Донор боло турган жаран:

*· майлуу, куурулган жана сүт азыктарды жебеңиз;*

*· 48 саат ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбойт;*

*· 3 күн ичинде дары-дармектерди колдонууга болбойт;*

*· кош бойлуулук, бала эмизүү жана айыз циклден тышкары;*

*· оору, сыркоо маалынан тышкары.*

**Дареги:** Чыңгыз Айтматов проспекти – 60,

**Кабыл алуу: –** саат 8.00 ден 14.30 га чейин. Жекшембиден башка күндөрү иштейт.

> Кан борборунун адистеринин айтымында, кан тапшырууга биринчи ирет келген жаран эч нерседен коркпошу керек. *“Менин каным кайра эле калыбына келип, жаңыланат жана менден чыккан кан бирөөдүн өмүрүн сактап калууга жардам берет”* – деп, эстен чыгарбашы зарыл.