> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/09/zhk-torghaghasynyn-2024-zhyldaghy-kirieshiesi-3-mln-685-min-som-bolghon/
- Published: 2026-01-09T11:45:06.000Z
- Updated: 2026-01-09T11:45:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Жогорку Кеңештин VII жана VIII чакырылыштарынын Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң 138 сомду, ал эми чыгымдары 1 млн 300 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик салык кызматы анын декларациясына таянып билдирди.**

Төраганын менчигинде:

- аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн үй жанындагы жер тилкеси;
- аянты 96,6 чарчы метр болгон батир бар.

Ошондой эле жалпы баасы 6 млн сомду түзгөн жеңил унаалар, фургондор жана пикаптар көрсөтүлгөн.

Башка мүлктөрүнүн арасында:

- **2 млн 400 миң сомго** бааланган жылкылар;
- **1 млн 100 миң сомго** бааланган ири мүйүздүү мал;
- **1 млн 150 миң сомго** бааланган майда мүйүздүү мал;
- **1 млн 350 миң сомго** бааланган зер буюмдар;
- **2 млн 300 миң сомго** бааланган башка түрдөгү кыймылдуу мүлк бар.

Төраганын туугандарынын менчигинде батирлер жана башка капиталдык курулуштар бар. Ошондой эле жеңил унаалар, фургондор жана пикаптар, зер буюмдар, эмерек жана тиричилик техникасы көрсөтүлгөн.