> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук талаптар текшерилүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/10/bishkiektieghi-kurulush-obiektilierindie-koopsuzduk-talaptar-tiekshieriluudo/
- Published: 2026-01-10T11:10:41.000Z
- Updated: 2026-01-10T11:10:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 9–11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде мониторинг жүргүзүлүүдө.**

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү иштери Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Анын алкагында курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугунун сакталышы, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы көзөмөлдөнүүдө.

> Мониторингдин негизги максаты — курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, мүмкүн болуучу мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-5.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-4.jpg)