> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто жол кырсыктарын азайтуу үчүн айланма жол курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/10/oshto-zhol-kyrsyktaryn-azaituu-uchun-ailanma-zhol-kurulat/
- Published: 2026-01-10T06:16:29.000Z
- Updated: 2026-01-10T06:16:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат.** 

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталып келгендиктен, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул долбоор ишке ашырылууда.

> Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Мэриядан кошумчалашкандай, Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөлгөн.