> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннага жеткен
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/13/byltyr-kyrghyzstanda-tiemir-zhol-arkyluu-zhuk-tashuu-10-mln-tonnagha-zhietkien/
- Published: 2026-01-13T09:20:52.000Z
- Updated: 2026-01-13T09:20:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2025-жылы темир жол аркылуу 10 миллион тоннадан ашык жүк ташылганын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.**

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч ишкананын тарыхындагы рекорддук жыйынтык болуп саналат. Буга чейин өлкөдө темир жол аркылуу жүк ташуунун орточо жылдык көлөмү болжол менен 7 миллион тоннаны түзүп келген.

> Ишкана билдиргендей, жүк ташуунун өсүшү 2022-жылдан бери туруктуу мүнөзгө ээ. Тактап айтканда, 2024-жылы темир жол аркылуу 9,2 миллион тонна жүк ташылса, 2025-жылы бул көрсөткүч 10 миллион тоннадан ашты.

Жүк ташуунун көлөмүнүн көбөйүшү өндүрүштүк ишмердүүлүктүн жанданышы, ошондой эле темир жол коридорлорун жана жүк ташуу маршруттарын кеңейтүү менен байланыштуу экени белгиленди.