> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/14/emghiek-ministrlighindie-ghiendier-zhana-sotsialdyk-inkliuziia-boiuncha-zholughushuu-ottu/
- Published: 2026-01-14T08:27:07.000Z
- Updated: 2026-01-14T08:27:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Орозбаева Улуу Британиядан келген чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин гендердик теңчилик жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

> Тараптар гендердик теңчилик, социалдык инклюзия жана аярлуу катмарларды коргоо багыттарындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.