> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/14/oshtoghu-p-arzykulov-kochosu-kapitaldyk-ondoodon-kiiin-paidalanuugha-bierildi/
- Published: 2026-01-14T09:47:08.000Z
- Updated: 2026-01-14T09:47:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.** 

Жолду шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар ачышты.

> Арзыкулов көчөсүнүн узундугу 300 метр, туурасы 10 метр болуп, жол эки тилкелүү түрдө оңдолду. Бир тарапка тротуар, жашыл аймак жана ирригациялык лотоктор орнотулду.

Көчөнү оңдоп-түзөө иштеринин планы мэр Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруусу учурунда берилген тапшырмага ылайык аткарылган. Бардык жумуштар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-16.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-12.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-7.jpeg)