> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы фитосанитардык талаптарды бузган 35 учур аныкталган
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/14/otkon-zhyly-fitosanitardyk-talaptardy-buzghan-35-uchur-anyktalghan/
- Published: 2026-01-14T05:20:56.000Z
- Updated: 2026-01-14T05:20:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 35 фитосанитардык талаптарды бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

> Аталган фактылар боюнча жалпысынан 562,5 тонна продукция, анын ичинде 70 515 даана көчөт, 11 387 даана гүл, ошондой эле 136 м³ пиломатериалдар фитосанитардык талаптарга жооп бербегени аныкталган.

Анын ичинде:

- Казакстандан келген – 15 факты, 271,88 тонна;
- Россиядан келген – 5 факты, 117 тонна, 136 м³ пиломатериалдар;
- Өзбекстандан келген – 7 факты, 80,82 тонна, 70 515 даана көчөт;
- Кытайдан келген – 4 факты, 51,28 тонна, 8 050 даана гүл;
- Тажикстандан келген – 1 факты, 3,5 тонна;
- АКШдан келген – 1 факты, 18 тонна;
- Монголиядан келген – 1 факты, 20 тонна;
- Нидерландыдан келген – 1 факты, 3 337 даана гүл.

> Фитосанитардык талаптарды бузган товарларга карата кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү фитосанитардык чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле, Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине дипломатиялык каналдар аркылуу нота жөнөтүлгөн.