> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Стационардык телефон менен мамлекеттик кызматтарга чалуу кымбат болгондуктан уюлдук телефонго өтүү сунушталат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/14/statsionardyk-tieliefon-mienien-mamliekiettik-kyzmattargha-chaluu-kymbat-bolghonduktan-uiulduk-tieliefongho-otuu-sunushtalat/
- Published: 2026-01-14T03:45:05.000Z
- Updated: 2026-01-14T03:45:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Эмне үчүн мамлекеттик органдарга телефон чалуу мынчалык кымбат? Айрыкча уюлдук телефондордон "Кыргызтелекомдун" стационардык телефондоруна (калкты тейлөө борборуна жана башка кызматтарга) чалуулар жарандарга мүнөтүнө 5-6 сом турат. Айрыкча оператордун жообун көпкө күткөндө олуттуу чыгымга учураган жарандар көптөгөн даттануулар менен кайрылышууда. Мындай пикирин ЖК депутаты Д.Бекешов өзүнун социалдык баракчасында жарыялады.**

Эл өкүлүлүнүн айтымында, ал «Кыргызтелекомдун” жетекчиси менен жолугуп, расмий жооп алган. Ага ылайык, кырдаал төмөнкүдөй:

> *\- *Байланыш тарифи:* Маалымат кызматынын номерлерине чалуулар үчүн тариф 2,50 сом. Калган бааны мобилдик операторлор белгилешет.*

> *\- *Жогорку чыгымдар:* Компаниянын билдирүүсү боюнча байланыштын бир мүнөтүнүн өз баасы 9,78 сомго барабар. Бул тариф өлкө боюнча инфраструктураны тейлөө жана кызматкерлердин айлык акысын төлөө зарылдыгы менен түшүндүрүлөт.*

> *\- *Күтүүлөр:* “Кыргызтелеком” бааларды 2027-жылы, SIP-технологияга өткөндөн кийин гана төмөндөтүүнү пландаштырууда.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/615027034_25437951615831824_3510272071970385313_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/615232064_25437951589165160_5890118573971357994_n.jpg)

Бирок, Дастан Бекешов, дагы бир-эки жыл күтүп, жарандардын мамлекеттик кызматтарга жетүү үчүн ашыкча төлөм кетиришин каалабастыгын билдирди:

> *“Менин чечимим: "Кыргызтелеком" азыр тарифтерди төмөндөтө албагандыктан, мен мамлекеттик жана жергиликтүү *өз алдынча башкаруу органдарына* коомдук байланыш үчүн *уюлдук телефон номерлерине* *жапырт өтүүнү* сунуштайм.” - дейт Бекешов*

Анын баамында, уюлдук телефон аркылуу байланышууда жарандар “күтүү кезектерине” **акча коротпостон**, өз тармактарынын ичинде же пакеттелген тарифтер менен мамлекеттик органдарга акысыз чалуу мүмкүнчүлүгүн алышат.