> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/14/talasta-920-orunduu-akylman-litsieii-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-01-14T09:54:48.000Z
- Updated: 2026-01-14T09:54:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Талас шаарында 920 орунга ылайык салынган "Акылман" президенттик лицейинин курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

Бүгүн билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаев жумушчу сапарынын алкагында лицейдин курулуш иштери менен жеринен таанышты.

> Лицей заманбап шарттар менен жабдылган 3 кабаттуу имарат жана жатакана менен курулууда. Аны куруу иштери президенттин колдоосу жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин демөөрчүлүгү менен жүзөгө ашырылууда.

"Акылман" президенттик лицейин 2026-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. Окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучуларга билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-4.webp)