> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/15/okm-shashylysh-bildiruu-taratty/
- Published: 2026-01-15T04:40:03.000Z
- Updated: 2026-01-15T04:40:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**16-17-январь күндөрү өлкө аймагында аба температурасы кескин төмөндөп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.**

> *Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кээ бир аймактарда туман түшүп, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралышы ыктымаал.*

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп:

**Чүй, Талас** өрөөндөрүндө күндүз -1…-6°,

**Ош, Жалал-Абад, Баткен** облустарында -2° +3°,

**Ысык-Көл** облусунда -4° …+1°,

**Нарын** облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°,

**Суусамыр** өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

> *Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулар алыска жолго чыгууда унааңызда кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.*