> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 20-январда айрым райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/16/bishkiektie-20-ianvarda-airym-raiondordo-ichuuchu-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-01-16T06:18:06.000Z
- Updated: 2026-01-16T06:18:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана социалдык-тиричилик объектилеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.** 

> Мэриянын маалыматына ылайык, ичүүчү суу 3-, 4-, 5-, 7-, 8-, 9- жана 10-кичи райондордо өчүрүлөт. 

Аймактын чектелген көчөлөрү: Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспекти – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн суусу – Түштүк чоң Чүй каналы – Б.Баатыр көчөсү – Ала-Арча суусу – Семетей көчөсү.

> Иш-чаралар Д-600 мм түтүккө бурама тээктерди орнотуу, Д-400 мм тосмолорду орнотуу жана Д-600 мм суу откөрмөнү Рысмендиев көчөсү 1/1 аймагынан тышкары чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" МИси жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайтжана шаар тургундарын алдын-ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.