> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/16/iuniesko-kyrghyzstandyn-madanii-dolboorlorun-koldoorun-bildirdi/
- Published: 2026-01-16T13:17:48.000Z
- Updated: 2026-01-16T13:17:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукканын ТИМден билдиришти.**

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди.

Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани Кыргызстандын уюмдун ишмердүүлүгүндөгү активдүү ролуна, анын ичинде маданий долбоорлорду илгерилетүүдөгү салымына жогору баа берди. Кыргыз тараптын кайрылууларына байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын эки иш-чарасына - VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумуна ЮНЕСКОнун патронажын берүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.