> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курал-жарак алууда мамлекетке келтирилген 244,6 млн сом чыгым өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/16/kural-zharak-aluuda-mamliekietkie-kieltirilghien-244-6-mln-som-chyghym-onduruldu/
- Published: 2026-01-16T11:25:48.000Z
- Updated: 2026-01-16T11:25:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын толугу менен орду толтурулганын билдирди.**

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, зыян өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы менен байланыштуу. 

> Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түзгөнү аныкталган. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында толугу менен өндүрүлдү.

УКМК Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иштерин улантууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/5-5.jpeg)