> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/18/izho-2026-kyrghyzstandyn-okuuchulary-el-aralyk-olimpiadada-11-miedal-utup-alyshty/
- Published: 2026-01-18T08:00:43.000Z
- Updated: 2026-01-18T08:00:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда математика, физика жана информатика боюнча өткөн XXII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында (IZhO-2026) 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты.**

> Мындай маалыматты Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Олимпиада 2026-жылдын 10–15-январында Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Армения, Азербайжан, Беларусь, Болгария, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Россия, Румыния, Тажикстан, Түркмөнстан, Индонезия, Индия жана Өзбекстанды камтыган **16 өлкөдөн** 600дөн ашуун окуучу катышкан.

Анын жыйынтыгында, Кыргызстандын атынан олимпиадага **33 окуучу** катышып, алардын 11и **жогорку жыйынтыктарды** көрсөтө алышкан.