> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын улуттук курама командасы (U20) хоккей боюнча Кытайлык оюнчуларды 4:1 эсебинде жеңип алышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/19/krnyn-uluttuk-kurama-komandasy-u20-khokkiei-boiuncha-kytailyk-oiunchulardy-4-1-esiebindie-zhienip-alyshty/
- Published: 2026-01-19T05:24:40.000Z
- Updated: 2026-01-19T05:24:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**18-январда Бишкек шаарында 20 жашка (U20) чейинки спортсмендер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анын жүрүшүндө КРнын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешке чыгып, кыргызстандык хоккейчилер атаандашын 4:1 эсебинде ишенимдүү жеңип алышты.**

Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу **Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен** билдиришти. Оюндун жыйынтыгынан кийин аталган агенттиктин директору **Казыбек Молдажиев** команда мүчөлөрүн алгачкы жеңиши менен куттуктап, бул ийгилик өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал спортсмендердин тайманбас мүнөзүн, жогорку даярдыгын жана командалык биримдигин белгилеп, мындай дем менен мелдештин кийинки оюндарында да ийгиликтүү оюн көрсөтөрүнө ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча U20 **дүйнө чемпионаты** 24-январга чейин “Бишкек Арена” муз аянтчасында уланат. Турнирде **Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай)** курама командалары күч сынашат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/7d4ce4bd-b089-43fd-b44d-5a26d020af76-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/bc103969-aac0-45dd-88db-7dc49f47e341.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/a5ce3586-36ac-4fc8-bfb6-871211be8f8b.jpg)