> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз спортчулары 2025-жылы 846 медаль утуп алышкан
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/19/kyrghyz-sportchulary-2025-zhyly-846-miedal-utup-alyshkan/
- Published: 2026-01-19T08:50:34.000Z
- Updated: 2026-01-19T08:50:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**2025-жылы Кыргызстандын спортчулары дүйнөлүк жана Азиялык мелдештерде олуттуу ийгиликтерге жетишип, жалпы 846 медаль жеңип алышканын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев билдирди.**

Анын маалыматына ылайык, жеке эсепте кыргызстандык спортчулар:

- 267 алтын,
- 234 күмүш,
- 345 коло медалга ээ болушкан.

Мындан тышкары, бир катар мелдештерде командалык эсепте да байгелүү орундар алынган.

Жыл ичинде:

- республикалык жана аймактык деңгээлде 166 спорттук иш-чара өткөрүлгөн;
- улуттук курама командалар 230 эл аралык мелдешке катышкан.

Спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында 147 окуу-машыгуу жыйыны уюштурулуп, анын 37си эл аралык деңгээлде өткөрүлгөнүн Казыбек Молдажиев белгиледи.