> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиядан мыйзамсыз алып келинген 15 600 литр кымыз өлкөгө киргизилген жок
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/19/rossiiadan-myizamsyz-alyp-kielinghien-15-600-litr-kymyz-olkogho-kirghizilghien-zhok/
- Published: 2026-01-19T09:45:13.000Z
- Updated: 2026-01-19T09:45:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Үй облусуна караштуу "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 600 литр кымыз аныкталып, артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү. Изилдөө учурунда продукциянын этикеткасында чыгарылган күнү көрсөтүлбөгөнү белгиленди, бул Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана санитардык талаптарына жооп бербейт.

> Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада, товар "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Россия Федерациясына жөнөтүлдү.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мындай учурларды тыкыр көзөмөлдөп, калк үчүн коопсуз азык-түлүк камсыздоону улантууда.