> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында 380 мыйзамсыз объект суу коргоо зоналарынан алынууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/20/bishkiek-shaarynda-380-myizamsyz-obiekt-suu-korghoo-zonalarynan-alynuuda/
- Published: 2026-01-20T13:02:03.000Z
- Updated: 2026-01-20T13:02:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында суу коргоо зоналарында мыйзамсыз жайгашкан объекттерди бузуу боюнча пландуу иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Учурда Аламедин дарыясынын нугунда жайгашкан "Кекеев" кафесин бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада жалпы аянты 2 380 чарчы метр болгон муниципалдык жер бошотулду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан доо-кат (эскертүү) кат берилгенден кийин, объекттин ээлери демонтаж иштерин өз ыктыяры менен башташты.

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы тарабынан ижара келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

> Жалпысынан 2025-жылы шаардагы бардык суу коргоо зоналарында 380 объект демонтаждалды, анын ичинен 48 капиталдык курулуш, 332 жеңил типтеги объект. Бул багыттагы иштер улантылууда. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-23.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-14.jpeg)