> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/20/olkogho-21-5-min-tonna-zhier-siemirtkich-alyp-kielindi/
- Published: 2026-01-20T04:51:18.000Z
- Updated: 2026-01-20T05:09:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна минералдык жер семирткичтер талап кылынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, бул көлөмдүн ичинде азоттук жер семирткичтер жазгы талаа иштерине 96,2 миң тонна, фосфордук — 71,5 миң тонна, калийдик — 15,2 миң тонна түзөт.

2026-жылдын 20-январына карата республикага жалпы 21,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келген, анын ичинен жеке компаниялардын сатуу кампаларында бүгүнкү күндө 19,2 миң тонна минералдык жер семирткичтер сатууда бар.

> Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин 22.12.2025-ж. №124 буйругунун негизинде, республика аймагына кирип жаткан минералдык жер семирткичтер (авто жана темир жол аркылуу) Департаменттин чек ара фитосанитардык пункттары аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Бул чаралар айыл чарба продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо үчүн жүргүзүлүүдө.