> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/20/oshto-kop-kabattuu-turak-uidun-kurulushu-tiekshierilip-eskiertuu-bierildi/
- Published: 2026-01-20T05:08:48.000Z
- Updated: 2026-01-20T05:08:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгын аныкташты.

> Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Business House KG” ЖЧКсына кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле, башкармалык тарабынан облустун алыскы аймактарындагы социалдык объектилердеги курулуштун сапаты да текшерилүүдө.