> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районуна 550 орундуу мектеп салынып жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/20/ton-raionuna-550-orunduu-miektiep-salynyp-zhatat/
- Published: 2026-01-20T11:11:01.000Z
- Updated: 2026-01-20T11:11:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Долбоорго ылайык, мектеп заманбап окуу класстары, толук жабдылган спорт залы, жыйындар залы жана ашкана менен камсыздалат. Ошондой эле дарыгердин бөлмөсү, китепкана, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган.

> Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда иштердин 75%ы аткарылып, имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.