> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башыда 3%дык насыя менен ангус породасындагы мал чарбасы өнүгүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/21/at-bashyda-3-dyk-nasyia-mienien-anghus-porodasyndaghy-mal-charbasy-onughuudo/
- Published: 2026-01-21T03:52:04.000Z
- Updated: 2026-01-21T03:52:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жайгашкан фермердик чарба мамлекеттин колдоосунун алкагында иш алып барууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Фермер Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан 3%дык жеңилдетилген насыянын алкагында "Айыл Банк" аркылуу каржылык колдоого ээ болуп, Россиядан эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйларды алып келген.

> Учурда малдын саны көбөйтүлүп, заманбап ыкмалар менен багылууда. Бул порода жогорку эт өндүрүмдүүлүгү менен айырмаланып, аймактагы этке болгон суроо-талапты камсыздоодо.

Ошондой эле фермер министрликтин колдоосу менен кооператив түзүп, продукцияны биргелешип өндүрүү жана сатуу багытында иш алып барууда. Бул фермерлердин кирешесин жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүүдө.