> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Медициналык инфраструктура: Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкка кол койду
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/21/mieditsinalyk-infrastruktura-kyrghyzstan-kytai-mienien-kyzmattashtykka-kol-koidu/
- Published: 2026-01-21T05:51:43.000Z
- Updated: 2026-01-21T05:51:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министри Б. Ажикеев, Финансы министринин биринчи орун басары Р. Суйналиев жана кытайлык “Sinoped International Co., Ltd” корпорациясынын жетекчилиги үч тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.** 

Жыйынтыгында Кыргызстандагы лабораториялык жана медициналык инфраструктураны жаңылоого багытталган Меморандумга кол коюлду.

> Талкуулардын негизги багыттары: заманбап жабдууларды киргизүү жана адистерди даярдоону өркүндөтүү. 40 заводду бириктирген кытай корпорациясы өлкөнү жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздоого даяр экенин билдирди.

Министрлик "МедВетСити+" ААКсынын негиздөөчүсү катары институттук жана каржылык колдоо көрсөтөт, бул лабораториялык инфраструктураны тез жаңылоого мүмкүндүк берет.