> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Накталай эмес төлөмдөрдү текшерүү жыл аягына чейин токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/22/naktalai-emies-tolomdordu-tiekshieruu-zhyl-aiaghyna-chieiin-toktotuldu/
- Published: 2026-01-22T11:57:38.000Z
- Updated: 2026-01-22T11:57:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата төлөм жабдууларын колдонуу боюнча, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууда салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча рейддик салык көзөмөлдү жүргүзүү убактылуу токтотулганын билдирди.**

Эми электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу операцияларды жүргүзүүдө ишкердик үчүн атайын банктык эсепти колдонуу талаптары боюнча көзөмөл да убактылуу токтотулат.

Бул чечим 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болуп, төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат:

- 0 жана 0,5%дык ставкалары менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
- патенттин негизинде;
- өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөндөргө;

Ошол эле учурда мораторий төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:

- салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
- уюмдардан же жеке жактардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттерге;
- салыктардын, анын ичинде жалданма кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоолор бар болсо;
- акциздик маркалардын болушун текшерүү бөлүгүндө акциздик товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыргандарга.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин арасында төлөм жабдууларын колдонуу, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдүү улантат.